ОшМУ Көчмөндөр оюндарындагы салымы үчүн сыйланды

Главная Новости

ОшМУ Көчмөндөр оюндарындагы салымы үчүн сыйланды

Image

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Ош мамлекеттик университетине, «Коломто» коллекциясынын автору Рахима Абдырасуловага ыраазычылык кат тапшырды.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн «Саркеч» республикалык улуттук кийимдер сынагында университет үчүнчү орунду багындырып, 80 миң сом жана баалуу белектер менен сыйланды. Аземге окуу жайдын коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева баштаган чыгармачылык топ катышты.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында «Саркеч» салттуу кийимдер кароо-сынагы уюштурулган. Ош облусунун атынан ОшМУнун дизайн кафедрасы «Коломто» коллекциясы менен катышкан. Коллекциянын автору– Рахима Абдырасулова.

Фотогалерея