Окутуучулар «Ош акварели» көргөзмөсүнө катышты

Главная Новости

Окутуучулар «Ош акварели» көргөзмөсүнө катышты

Image

Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде өткөн «Ош акварели» көргөзмөсүнө Педагогика жана искусство институтунун сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын окутуучулары Мамыралы Эшбаев, Умид Тешабаев, Абдибали Марипов, Алмаз Оморкулов жана Мирлан Мамазаиров катышты.

Иш-чарага кесипкөй сүрөтчүлөр, улуу муундун өкүлдөрү, көркөм сүрөт багытында окуган студенттер келди. Алардын арасында Кыргызстандын эл сүрөтчүлөрү Батыр Жалиев, Мырза Өмүркулов, Леонтий Горбунов, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Самидин Жоробаев, Тургунбай Ташкузиев, Ырысбай Толонов, Мамыралы Эшбаев жана башка чыгармачыл инсандар бар.

Көрүүчүлөргө Ош, Араван, Манас, Баткен, Гүлчө, Кербен шаарларынан, Ташкенттен келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери сунушталды.

«Ош акварели» Ош шаарында акварель искусствосуна арналган алгачкы атайын көргөзмө. Долбоор Сүрөтчүлөр союзунун Ош филиалынын жана Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин колдоосу менен уюштурулду.

Көргөзмө сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык тажрыйбасын бөлүшүүгө, акварель искусствосун жайылтууга жана көркөм өнөрдүн өнүгүшүнө салым кошууга багытталган.

Фотогалерея