Ош мамлекеттик университети тарабынан студенттерге каралган жеңилдиктердин категориялары
1-категория – ата-энеси жок мектеп окуучусуна, колледждин жана бакалавр баскычынын күндүзгү бөлүмүнүн студентине;
2-категория – атасы же апасы жок мектеп окуучусуна, колледждин жана бакалавр баскычынын күндүзгү бөлүмүнүн студентине;
3-4-категория КРдин Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №557 жарлыгына ылайык акысыз билим алуу шарты менен I, II топтогу тубаса майып, II, III мектеп окуучусуна, колледждин жана бакалавр баскычынын күндүзгү бөлүмүнүн студентине;
5-категория – бир үй-бүлөдөн 3 же андан көп бир тууган ОшМУда мектепте, бакалавр баскычынын, колледждин күндүзгү окуу бөлүмүндө окуса;
6-категория – ата-энеси ОшМУда иштесе жана эки же андан көп баласы ОшМУнун мектебинде, колледжинде, бакалавр баскычынын күндүзгү бөлүмүндө окуса (ата-энесинин каржы булактары жөнүндөгү маалыматтын негизинде ар бир жанга кирешеси КРдин Улуттук статистикалык комитети тарабынан өткөн календардык жыл үчүн эсептелген жашоонун минималдык чегинен ашпаса гана);
7-категория – атасы же энеси I, II, топтогу майып мектеп окуучусуна, коллеждин жана бакалавр баскычынын күндүзгү бөлүмүнүн студентине;
8-категория – каралып жатканга чейинки акыркы окуу жыл ичинде спорттон Кыргызстандык, Азиялык, дүйнөлүк масштабдагы чемпионаттарда, студенттер арасындагы Дүйнөлүк студенттик Универсиадада 1,2,3 – орунду ээлегендиги үчүн жеңилдиктер;