Кайрымдуулук иш-чарасында балдарга майрамдык маанай тартууланды

Главная Новости

Кайрымдуулук иш-чарасында балдарга майрамдык маанай тартууланды

Image

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунун психология кафедрасынын окутуучулары жана студенттери Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан М. Разаков атындагы ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатында кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү.
Иш-чаранын алкагында мектеп-интернаттагы 70 башталгыч класстын окуучуларын куттукташып, аларга белектерди, оюнчуктарды жана окуу куралдарын тапшырышты.
Кайрымдуулук иш-чарасы психология кафедрасынын окутуучусу Алийма Момунова демилгеси менен уюштурулду. Ага кафедра башчысы Зинагүл Джоошбекова, окутуучулар Вилена Гареева, Наара Жакыпова, Динара Турдуева, Аида Боронбаева жана кафедранын студенттери катышышты.
Иш-чара ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга майрамдык маанай тартуулоо, аларга көңүл буруп, моралдык колдоо көрсөтүү жана коомдогу боорукерлик менен кайрымдуулук баалуулуктарын жайылтуу максатында уюштурулду.
Мектеп-интернаттын жетекчилиги окуучуларга камкордук көрсөтүп, алардын майрамын өзгөчө маанайда өткөрүүгө салым кошкон окутуучуларга жана студенттерге ыраазычылык билдиришти.

Фотогалерея