Студенттер Холи майрамын белгилешти

Главная Новости

Студенттер Холи майрамын белгилешти

Image

Бүгүн, 4-мартта, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин студенттери Индия элинин белгилүү Холи майрамын шаңдуу жана түстүү маанайда өткөрүштү.

Майрамга ректор Кудайберди Кожобеков, студенттер жана окутуучулар катышты. Окуу жай жетекчиси катышуучуларды майрам менен куттуктады.

Иш-чарада студенттер улуттук ырларды аткарып, бийлеп, салттуу оюн-зоокторго катышты. Майрамдын өзгөчө символу – түркүн түстүү боёктор менен суу чачышуу кубанычтын, жаңылануунун жана биримдиктин белгисин даңазалады.

Холи майрамы университетте жыл сайын белгиленет. Иш-чара ар улуттун, маданияттын өкүлдөрүн бириктирип, достукту чыңдоого, эл аралык студенттик коомчулуктун өз ара урматтоосун бекемдөөгө шарт түзөт.

Фотогалерея