ОшМУ менен Кашкар университети кызматташтыкты кеңейтет

Главная Новости

ОшМУ менен Кашкар университети кызматташтыкты кеңейтет

Image

Ош мамлекеттик университети менен Кытайдын Кашкар университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тил курстарын уюштуруу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү боюнча кызматташтыкты камтыйт. 

Меморандумга ОшМУнун делегациясынын 14–17-август күндөрү Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялуу районундагы Кашкар университетине болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду. 

Делегациянын курамында эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Айнура Өзгөнова, кыргыз-кытай факультетинин деканы Тыныстан Пазылов, кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окутуучусу Кыяз Каримов болушту. Иш сапардын жүрүшүндө алар Кашкар шаарында өткөн «Кашкар–2026» шаарлардын бир туугандыгы боюнча кызматташтык жана өнүгүү конференциясына катышты. Анда Кашкар округунун Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгынын жыйынтыктары талкууланып, билим берүү, медицина, гуманитардык, соода-экономикалык багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн жолдору каралды. Ошондой эле иш сапардын алкагында экии окуу жайдын ортосундагы кызматташтыктын келечектеги багыттары талкууланды.

Меморандумдун негизги жоболору 2026-жылдын апрель айында өткөн онлайн жолугушууда алдын ала макулдашылган. Анда студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, тил курстарын ачуу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке киргизүү маселелери каралган.

Иш сапардын жыйынтыгында меморандумда белгиленген багыттарды ишке ашыруунун жолдору аныкталып, ОшМУ менен Кашкар университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

 

Фотогалерея