ОшМУнун желеги Килиманджаро чокусунда желбиреди

Главная Новости

ОшМУнун желеги Килиманджаро чокусунда желбиреди

Image

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин улук окутуучусу Айнура Сапарбаева 3-декабрда Африка континентиндеги эң бийик Ухуру чокусун багынтып, ОшМУнун желегин Килиманджаронун туу чокусунда желбиретти.

Килиманджаро — деңиз деңгээлинен 5895 метр бийиктикте жайгашкан. Дүйнөдөгү эң бийик жеке турган (stand-alone) тоо болуп саналат. Ухуру чокусу — тоонун эң жогору чекити жана көптөгөн альпинисттердин кыялы болгон жер.

Айнура Сапарбаева Кыргыз альпинизм федерациясынын мүчөсү. Ал буга чейин өлкөдөгү 4600 метрге чейинки чокуларга чыккан.

ОшМУнун жамааты Айнура Сапарбаеваны бул зор жетишкендиги менен куттуктап, мындан аркы эл аралык экспедицияларында жаңы бийиктиктерди багынтуусуна ийгилик каалайт.

Фотогалерея