Студенттер Орусиядагы жайкы тил мектебине катышууда

Башкы Жаңылыктар

Студенттер Орусиядагы жайкы тил мектебине катышууда

Image

ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус филологиясы багытынын студенттери Орусияда өтүп жаткан жайкы тил мектебине катышууда. 

Жайкы мектеп Смоленск мамлекеттик университетинде өтүп жатат. Программа 5-19-июль күндөрү, эки жумага созулат. Анын алкагында студенттер лекцияларды угуп, мастер-класстарга, интеллектуалдык квесттерге катышат. Мындан тышкары шаардагы музейлерди жана тарыхый-маданий жайларды кыдырышат. Ар кандай маданий, жаштар иш-чараларына күбө болушат.

Смоленск мамлекеттик университетинин окутуучулары ОшМУнун студенттеринин орус тилин жогорку деңгээлде билип, активдүүлүгүн жана маданиятын өзгөчө белгилешти.

Студенттерди иш-чарага Дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Земфира Мискичекова жетектеп барды.

 

Фото галерея