Республикалык “Достук” хор сынагында ОшМУ байгелүү орунга татыды 

Главная Новости

Республикалык “Достук” хор сынагында ОшМУ байгелүү орунга татыды 

Image

17 - майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Достук” республикалык хор сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. 
Сынакка жалпы 10 хор коллективи катышып, алардын аткаруусунда дүйнөлүк классикадан тарта, улуттук чыгармаларга чейин аткарылды.
Алгачкы жолу уюштурулган  сынакка университеттин Искусство факультетинин  жамааты да катышып, 2-орун 75 миң сом акчалай сыйлык жана диплом менен сыйланды. Сынакка окуу жайдын хор жамаатын доценттер  Ажимамат Боронбаев, Жеңиш Мойдунов жана ага окутуучулар Канышайым Сагымбаева, Рахматилла Ормонов даярдап барышты. 
Сынак хор ырдоо өнөрүн жайылтуу, коомчулукту хор чыгармачылыгы жана аткаруучулук чеберчилиги менен тааныштыруу максатында уюштурулуп, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүү, хорлордун байланышын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Фотогалерея