ОшМУда «Уңгу жол. Жаштар. Келечек» фестивалы өттү

Главная Новости

ОшМУда «Уңгу жол. Жаштар. Келечек» фестивалы өттү

Image

ОшМУда «Уңгу жол. Жаштар. Келечек» фестивалы өтүп, Ош шаарындагы төрт жогорку окуу жайдын студенттери чыгармачылык жана интеллектуалдык сынактарга катышты.

Фестивалды республикалык аялдар кеңеши бирикмеси уюштурду. Иш-чарага бирикменин төрайымы Айнура Албытаева, лидер айымдар, коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттер катышты. Албытаева сөз сүйлөп, фестивалдын максаты жаштарды улуттук баалуулуктарды урматтоого, тарыхый мурастарды сактоого, мекенчилдикке, коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө экенин белгиледи. Ошондой эле иш-чараны уюштурууга салым кошкон лидер айымдарга сыйлыктарды тапшырды. Ош облусундагы Президенттин  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера  Раимбачаева улуттук баалуулуктарды сактоо, жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоо жана коомдогу аялдардын, жаштардын ордун бекемдөө маселелерине токтолду.

ОшМУнун коомчулук менен байланыш жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева фестивалдын жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандыруудагы жана коомдук активдүүлүгүн арттыруудагы маанисине токтолду. Ал жаштардын демилгелерин колдоо, чыгармачылык, интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, улуттук мурастарды кийинки муунга жеткирүү зарылдыгын белгиледи.

Фестивалдын алкагында ОшМУ, ОшТУ, ОшКӨУ жана ОшМПУнун студенттеринен түзүлгөн командалар төрт этаптан турган чыгармачылык жана интеллектуалдык сынактарга катышып, өз өнөрлөрүн жана билимдерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында бардык командалар мыкты деп табылып, кубоктор, баалуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чара  Президенттин «Уңгу жол» жарлыгынын алкагында уюштурулуп, жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга, мекенчилдикке жана улуу муунду урматтоого тарбиялоого, социалдык жоопкерчилигин жана ишкердик демилгелерин өнүктүрүүгө багытталды.

Фотогалерея