ОшМУ Кытай компаниясы менен ири инвестициялык долбоор боюнча меморандумга кол койду

Главная Новости

ОшМУ Кытай компаниясы менен ири инвестициялык долбоор боюнча меморандумга кол койду

Image

21-ноябрда Ош мамлекеттик университетине Кытайдын «Хунфа Холдинг Групп» компаниясынын башкы директору Ду Ян баштаган делегация келди. Иш сапардын алкагында ректор Кудайберди Кожобеков жана компаниянын жетекчиси Ду Ян кызматташтык меморандумуна кол коюшту.

Меморандумда Ош шаарынын Мамыров көчөсү, 99 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 68 миң 350 чарчы метр болгон жер тилкесин өздөштүрүү жана университеттин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү боюнча долбоор даярдоо каралган. Долбоор ишке ашса, аталган аймакка турак жайлар, стадион, машыгуу аянтчалары, спорттук комплекстер, мейманкана, апартаменттер, студенттик жатакана жана бала бакча куруу пландалууда. Ошондой эле инженердик тармактарды жаңылоо, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, аймакты жашылдандыруу каралган.

Документте турак жайларды сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча да сунуш көрсөтүлгөн. Ага ылайык, эсептик базанын 18%ы Ош мамлекеттик университетине , 82%ы инвесторго бөлүнөт. Мындан тышкары окуу жайдын  окутуучулары жана кызматкерлери үчүн курула турган турак жайларды биринчи кезекте сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселеси каралган.

Бул кызматташтык университеттин инфраструктурасын кеңейтүүгө, материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана шаардагы социалдык объектилерди өнүктүрүүгө багытталган.

 

 

Фотогалерея