2-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде биринчи курстар арасында өткөрүлгөн институттар жана факультеттер аралык спартакиада жыйынтыкталды.
Студенттер спорттун сегиз түрү – волейбол, кичи футбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси жана ордо оюну боюнча күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институту ээледи. Экинчи орунга Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институту чыкса, үчүнчү орунду медицина факультети алды. Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Сыйлоо аземинде коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева спартакиада студенттердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоого үндөө, достук мамилени бекемдөө жана университеттин курама командасына мыкты спортчуларды тандоо максатында уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле окуу жайдын спортчулары универсиадаларда, республикалык мелдештерде окуу жайдын намысын коргоп келишерин айтты.
Спартакиада жыл сайын университеттин спорттук клубу тарабынан уюштурулуп келет.