ОшМУда абанын сапатын көзөмөлдөгөн илимий станция иштей баштады

Главная Новости

ОшМУда абанын сапатын көзөмөлдөгөн илимий станция иштей баштады

Image

Ош мамлекеттик университетинде Оштогу жана шаардагы имараттардын ичиндеги абанын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген илимий станция ишке кирди.

Станция окуу жайдын медициналык клиникасынын аймагында жайгашкан. Анда абанын сапатын изилдөөчү заманбап жабдуулар орнотулууда. Учурда долбоордо каралган жабдуулардын болжол менен 50%ы алынып келинип, ишке киргизилди. Кийинки этапта кошумча датчиктер, сервердик жабдуулар коюлат.

17-августта ректор Кудайберди Кожобеков Токиодон келген изилдөөчүлөр менен бирге станцияда орнотулган жабдуулар менен таанышып, алардын иштешин көрдү. Анын айтымында, долбоордун негизги максаты Ош шаарындагы абанын булганышын илимий негизде изилдеп, абанын сапаты боюнча туруктуу маалыматтарды топтоо жана алынган көрсөткүчтөрдү илимий иштерде колдонуу болууда.

«Бул долбоордун башталганына эки жыл болду. Токиодогу медициналык университет менен биздин университеттин ортосунда абанын булганышын изилдөө боюнча долбоор ишке ашырылып жатат. JICA уюмунун колдоосу менен каржыланган, 5 миллион долларды түзгөн бул долбоордун алкагында Кыргызстанда, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагында буга чейин болбогон заманбап датчиктер, жабдуулар алынып келинип, орнотулууда. Эми Ош шаарында сырттагы жана имараттардын ичиндеги абанын абалы үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп турат. Алынган көрсөткүчтөр атайын серверге күн сайын түшүп, топтолот», — деди Кудайберди Кожобеков.

Станциядан алынган маалыматтар серверде үзгүлтүксүз сакталат жана талданат. Бул көрсөткүчтөр абанын булганышына таасир эткен факторлорду аныктоого, экологиялык абалды илимий баалоого, жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун алкагында илимий кадрларды даярдоого да көңүл бурулат. Станциянын базасында ОшМУнун студенттери, магистранттары жана аспиранттары абанын сапаты, экология, климаттын өзгөрүшү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө алышат.

Мындан тышкары Токиодон келген адистер ОшМУнун кызматкерлерине атайын тренинг өткөрүп, орнотулган жабдуулардын иштөө принциптерин, аларды туура пайдаланууну жана алынган маалыматтарды иштетүүнүн жолдорун үйрөтүшөт.

Абанын булганышын изилдөөгө багытталган IRCAPS илимий борбору окуу жайда 2025-жылдын 18-ноябрында ачылган. Долбоор беш жылга эсептелип, 2025-жылдан тарта ишке ашырыла баштаган. Ал Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) жана Илим жана технология агенттигинин колдоосу менен каржыланат. Долбоордун негизги өнөктөшү Токио илим институту.

IRCAPS борбору абанын булганышын комплекстүү изилдөөгө, туруктуу мониторинг жүргүзүүгө, илимий маалыматтарды топтоого жана аларды билим берүү процессинде колдонууга багытталган.

Фотогалерея