ЖОЖдорго кабыл алуунун VI туру 17-августта башталат

Главная Новости

ЖОЖдорго кабыл алуунун VI туру 17-августта башталат

Image

2026–2027-окуу жылына жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун VI туру өткөрүлөт. Тиешелүү чечим билим берүү уюмдарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри билдирди. 

Кабыл алуу жараяны төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:

  •  17–19-август – сынакка катышуу үчүн абитуриенттерди каттоо;
  • 19-август саат 14:00гө чейин конкурска катышуу үчүн каттоону аяктоо;
  • 20-август саат 10:00гө чейин кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу;
  • 20–22-август саат 16:00гө чейин абитуриенттер тарабынан кабыл алууга өз тандоосун ырастоо.

VI тур Жалпы республикалык тестирлөөнүн жана негизги жалпы билим берүү жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын жыйынтыктарынын негизинде өткөрүлөт.