ОшМУнун 40га жакын кызматкери Ысык-Көлдө эс алып келди

Главная Новости

ОшМУнун 40га жакын кызматкери Ысык-Көлдө эс алып келди

Image

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин жайкы эс алуусун уюштурууну улантууда. 

Анын алкагында 9–13-август күндөрү Ош мамлекеттик университетинин 38 кызматкери Ысык-Көлдөгү «Кызыл гвоздика» жайында эс алып келишти. Алар үчүн кесиптик бирлик тарабынан атайын программа түзүлүп, маданий жана спорттук иш-чаралар уюштурулду. Кызматкерлер Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып, спорттук оюндарга катышып, ден соолукту чыңдоого багытталган иш-чараларга тартылышты. 

Мындай иш-чаралар кызматкерлердин эс алып, ден соолугун чыңдоосуна шарт түзүү менен бирге кесиптештер арасындагы ынтымакты бекемдөөгө да өбөлгө түзөт. 

Борбордук комитет  агартуу тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн эс алуу, ден соолукту чыңдоо багытындагы иш-чараларды мындан ары да уюштурууну улантат. 

 

Фотогалерея