Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Казакстандагы Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү программасынын алкагында 10- 14-июнь күндөрү иш сапарда жүрүшөт.
Делегациянын курамында окуу жайдын Билим берүүнүн сапаты жана усулдук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Филология жана маданияттар аралык байланыш институтунун Америка таануу жана котормо бөлүмүнүн өкүлдөрү бар.
Сапардын жүрүшүндө аталган университеттин негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышууда. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын камсыздоо, окуу процессин уюштуруу, санариптик трансформация жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Мындан тышкары жумушчу жолугушууларды жана кесиптик талкууларды өткөрүү каралган. Алардын алкагында тараптар ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын жаңы багыттарын карап чыгышат.
Бул сапар эки университеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоодо, эл аралык академиялык байланыштарды кеңейтүүдө жана биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө.