Педагогика, искусство жана журналистика институтун 266 бүтүрүүчү аяктады

Главная Новости

Педагогика, искусство жана журналистика институтун 266 бүтүрүүчү аяктады

Image

ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институту бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада институттун директору Замирбек Божонов, директордун окуу иштери боюнча орун басары Каныкей Кожомбердиева, кафедра башчылар бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ак жол каалашты. 
Салтанатка институттун профессордук-окутуучулук курамы, кураторлор, ата-энелер жана коноктор катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө окууда жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн бүтүрүүчүлөр ардак грамоталар жана алкыш баракчалары менен сыйланышты. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
2025-2026-окуу жылында Педагогика, искусство жана журналистика институтун 266 бүтүрүүчү аяктады. Алар музыкалык искусство, музыкалык эстрада өнөрү, кийим дизайны, интерьер дизайны, костюм жана текстиль искусствосу, көркөм өнөр искусствосу, режиссура, журналистика, башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана методикасы, логопедия, психология адистиктеринде билим алышкан.

Фотогалерея