Ошто терроризмге каршы күрөштө курман болгондор эскерилди

Главная Новости

Ошто терроризмге каршы күрөштө курман болгондор эскерилди

Image

12-майда Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде терроризмге каршы күрөштө курман болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жана жарандарды эскерүү митинг-реквиеми өттү. 

Иш-чара Баткен облусунун Кадамжай районунун тоолуу аймагында 2006-жылдын 12-майында болгон окуялардын 20 жылдыгына арналды. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, ардагерлер, коомдук ишмерлер жана студенттер катышты. Курман болгондордун элесине гүлчамбарлар коюлуп, оркестрдин коштоосунда эскерүү иш-чарасы өттү. Ошондой эле ардактуу кароол уюштурулуп, мекен үчүн курман болгон баатырлардын эрдигине таазим көрсөтүлдү.

Иш-чараны «Альфа-Ардагер» атайын багыттагы бөлүктөрдүн ардагерлери коомдук бирикмеси Ош мамлекеттик университети менен өнөктөштүктө уюштурду. Ага Ош шаардык мэриясы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы, Коргоо министрлиги колдоо көрсөттү. Мындан тышкары 5-майда күч түзүмдөрүнүн ардагерлери жана кызматкерлери арасында кичи футбол, волейбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, мындан ары 12-майды терроризмге каршы күрөштө курман болгон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жана жарандарды эскерүү күнү катары жыл сайын белгилөө сунушталууда. Ошондой эле жаштарды патриоттук тарбиялоо максатында билим берүү мекемелеринде «Эрдик сабактарын» өткөрүү, спорттук иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

 

Фотогалерея