«Жаздын биринчи күндөрү – Жан апам» аттуу адабий-музыкалык кече болду

Главная Новости

«Жаздын биринчи күндөрү – Жан апам» аттуу адабий-музыкалык кече болду

Image

Адабий-музыкалык кече Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде уюштурулду.

Иш-чарага факультеттин жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Кечеде энеге болгон сүйүү, урмат-сыйды даңазалаган ыр саптары окулуп, студенттер тарабынан сахналык көрүнүштөр тартууланды. Ошондой эле студенттердин өз энелеринен келген каттарды окуп жаткан видеолору көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө жылуу таасир калтырды. Мындан сырткары «Эне жүрөгү» аттуу кыска метраждуу видео да сунушталды.

Иш-чарада факультеттин деканы Кылычбек Мамшарипов сөз сүйлөп, энеге болгон урмат-сый адамзат үчүн эң ыйык баалуулуктардын бири экенин белгиледи.

Адабий-музыкалык кече энеге болгон урмат-сыйды даңазалоо, үй-бүлөлүк жана улуттук баалуулуктарды бекемдөө максатында Медицина факультетинин Аялдар кеңешинин демилгеси менен өткөрүлдү. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, энеге болгон сый-урматты арттырууга, улуттук баалуулуктарды жайылтууга өбөлгө түзөт.

Фотогалерея