14-мартта Ош мамлекеттик университетинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган «Жазгы үч айлык» акциясынын алкагында ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке окуу жайдын институттарынын, факультеттеринин жана коллеждеринин окутуучулары, кызматкерлери, студенттери катышты. Алар университеттин аймагын жана шаардын айрым тилкелерин тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө айлана-чөйрөнү тазалоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Ак-Буура дарыясынын жээктеринде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, белгиленген аймактарда ишембилик өткөрүлдү. Мындан тышкары шаардагы көчөлөрдү, гүл бакчаларды жана сейил бактарды тазалоо иштерине да университет жамааты активдүү катышууда.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин буйругуна ылайык 14-марттан 16-майга чейин кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын аймактарында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү боюнча ишембиликтерди уюштуруу тапшырмасы берилген.