Патриот, ишмер жана тобокелчиликтен коркпогон адистерди өнөктөштүккө чакырабыз.
Билим берүү бир жолу алынган диплом менен эле чектелбейт. Мугалимдин кесиптик өсүүсү, үзгүлтүксүз изденүүсү жана заман талабына ылайык иш алып баруусу бүгүнкү күндүн эң башкы талабы. Айрыкча тез өзгөрүп жаткан доордо окутуучунун өзүн өнүктүрүүгө даярдыгы, жаңычылдыкка ачык мамилеси жана кесибине болгон чыныгы сүйүүсү билим сапатын аныктаган негизги фактор болуп саналат.
Бул маекте Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунун директору Ташболот Жороев билим берүү системасындагы актуалдуу маселелер, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруунун заманбап ыкмалары, аймактар менен иш алып баруу тажрыйбасы жана эл аралык кызматташтык тууралуу кеңири ой бөлүшөт.
![]()
- Ташболот агай алгач Сиз жетектеп келе жаткан Квалификацияны жогорулатуу борбору тууралуу айтып берсеңиз.
- ОшМУнун Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту 2015-жылы ачылып, алгач доцент Жылдыз Артыкова жетектеген. 2018-жылдан институтту мен жетектей баштадым. Бул багытта ишим окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу менен бирге институттун базасына ошол кездеги ректор Каныбек Исаковдун демилгеси менен буга чейин ишмердигин жүргүзүп келаткан «Ыйман» гимназиясы, «Билим» лицейинин катарына «Кара-Кулжа», «Ноокат» жана «Кара-Суу» гимназияларын, «Зирек» башталгыч билим берүү комплексин уюштуруу жүгү артылган. Максат республикадагы эң алдыңкы татыктуу билим берген, улуттук тарбияга каныккан окуучуларды даярдоо болгон. Ошондо мектептерибиздин алды ЖРТда жүз пайыздык, калгандары 90%дан ашык көрсөткүчтү бере баштады. Онго жакын окуучу «Алтын тамга» сыйлыгына ээ болушту. Тарбияга өзгөчө көңүл бурулуп, улуттук тарбия окуучунун жан дүйнөсүнө сиңүү үчүн тарбиялык сабактар жумасына эки иреттен өтүлдү.
ОшМУнун структураларын оптималдаштыруу максатында ректор Кудайберди Кожобековдун буйругу менен Квалификацияны жогорулатуу институту Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту жана «Адис» окуу борбору бириктирилип, Квалификацияны жогорулатуу борбору болуп 2023-жылы түзүлдү. Мектептер структура курамынан чыгарылды. Учурда борбор ОшМУнун эле эмес республиканын мектепке чейинки, мектептик жана жогорку билим берүүчү билим берүү мекемелеринин окутуучуларын окуу-усулдук, илимий-педагогикалык жетишкендиктер менен ыкчам таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, алардын кесибиндеги бүгүнкү көйгөйлөрү, аны чечүүнүн илимий практикалык, педагогикалык-психолгиялык жолдорун изилдөө, аларды окутуудагы заманбап технологиялары менен куралдандыруу үстүндө иштеп жатат.
![]()
- Эң суроо-талапка ээ болгон курстар кайсылар?
- Курстардын тематикасы окутуучулардын реалдуу муктаждыктарына жараша аныкталат. Алдын ала сурамжылоолор жүргүзүлүп, кайсы багытка суроо-талап жогору экени такталат. ОшМУнун өнүгүү стратегиясы, эл аралык рейтингдерге катышуу талаптары да эске алынат. Айрыкча педагогикалык эмес адистиктердин окутуучулары педагогика жана психология боюнча билимдерин өркүндөтүүгө кызыгып жатышканы кубандырат. Анткени билим берүү айдыңында мунсуз болбойт.
- Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууда кандай илимий-практикалык, педагогикалык жана психологиялык ыкмалар колдонулат?
- Окутуудагы ыкмаларды, усулдарды, технологияларды курстун мазмунуна карай тренерлер өздөрү тандашат. Албетте, кайтарым байланыш жүргүзүүнүн натыйжасында окутуучулардын конкреттүүлүккө, күтүлүүчү натыйжага жетүүдөгү стратегияларга, калыптап жаткан компетенттүүлүктү калыптоодо натыйжалуу, позитивдүү жана ыңгайлуу технологияларга, командалык тапшырмаларга, долбоордук, каллоборациялык ишмердүүлүктөргө кызыгуулары байкалат. Ийкемдүү, колдонууга ыңгайлуу инновациялык технологияларды жактырышат.
![]()
- Аймактагы мектептер менен кызматташуу кандай форматта жүргүзүлүүдө?
- Университетибиз кылымга тете өмүрүндө республикабыздын бардык аймактарына, чет өлкөлөргө миңдеген педагогикалык адистерди даярдап келе жатат. Андыктан мектептик билим берүүнүн сапаты биз үчүн кайдыгерликти жаратпайт. Борбор республиканын бардык аймактарындагы мектептер менен тыгыз иш алып барат. Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын мектептерине жеринде усулдук жардам көрсөтүлдү. Нарын облусунда, түштүк аймактарында семинар-тренингдер уюштурулду. Эң бараандуу эмгегибиз деп өткөн окуу жылында ОшМУнун тажрыйбалуу окутуучуларынын жардамында Кара-Суу районундагы 85 мугалимдин чеберчилигин арттырдык. Андан сырткары Ош шаарындагы 725 мугалимдин тажрыйбаларын арттырууга көмөктөштүк. Ноокат, Араван, Өзгөн райондорунун окутуу мамлекеттик жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин мугалимдери да биздин борбордон квалификациясын жогорулатышты.
Өлкөбүздө жалпы билим берүүчү мектептерди 12 жылдык билим берүүгө трансформациялоо жумушу жүрүп жатат. Сингапур технологиясы билим берүүдөгү сынчыл ойломду өстүрүү философиясынын негизинде түзүлгөндүгүн эске алсак, бул модель менен үзөңгүлөш эле аталган программанын мазмунун педагогдорубузга адаптациялоо сыяктуу толгон жумуштар бар.
Менин авторлоштугумда Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жалпы билим берүү мекемелеринде колдонууга сунуштаган Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү, Ата-энелер үчүн сабактар, облусттук институттар жана методикалык борборлордо мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоонун алкагында «Өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү» курсун өтүү үчүн методикалык колдонмолор жарык көрдү. Колдонмолор «Юз оф Ош» коомдук фонду тарабынан даярдалып каржыланган. Аталган колдонмолор республиканын бардык аймактарындагы мектептерде колдонулуп жаткандыгы бизди кубандырат.
![]()
- Чет өлкөлүк окуу жайлар менен түзүлгөн кызматташтык кандай шартта башталды жана анын негизги максаты эмнеде?
- Окуу жайыбыздын ата-мекендик жана чет өлкөлүк окуу жайлар менен түзүп жаткан келишимдери, кол коюлуп жаткан меморандумдар борборубуздун да өнүгүүсүнө жол ачты. Анын негизинде окутуучуларыбыз менен студенттерибиз мобилдүүлүк боюнча дүйнөдөгү университеттерде окуп, иштеп келип жатышат. Мындай ийгиликтер башка өлкө адистерин биздин борбордон да квалификациясын арттырышына мүмкүнчүлүк түздү. Албетте, аларга сабак берген профессордук-окутуучулук курамдан алынган тренерлердин чеберчилиги, кесиптик компетенцияларынын жогорулугу дагы да четтен келүүчүлөрдүн санын арттырды. Бул багыттагы тажрыйбабыз такшалуу процессинде болуп жаткандыктан, кемчиликтерден да алыс эмеспиз. Учурда Өзбекстандын бир нече ЖОЖдору менен кызматташып жатабыз, аларда эмгектенген окутуучулар билимдерин жогорулатып кетип жатышат. Өзбекстандык кесиптештер менен алаканы түптөөдө университетибиздин институттары менен факультеттеринин тажрыйбасы жардам берди. Бул жасап жаткан иштерди жеке борбордун иши катары эмес, өнөктөштөрдүн, жалпы алганда ОшМУнун ишмердиги катары кароого болот.
![]()
- Кыска мөөнөттүү курстардын студенттер үчүн пайдасы кандай?
- «Убакыттан уттурганың, ырыскыдан кур калганың» деген элибиздин накыл сөзү учурга абдан актуалдуу. Андыктан кыска мөөнөттүү курстар студенттерибиздин турмуштук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу менен, келечекте ээ болуучу адистигине компетенттүүлүктөрүн калыптап баруу болот. Жошоого башка нукта карап, турмуштук тажрыйбалары артат. Жакында студенттердин суроо-талабына ылайык алгачкы медициналык жардам берүү курсун уюштурдук. Ага студенттер менен бирге тажрыйбалуу окутуучуларыбыздын да катышкандыгы таң калтырды. Алар муну кошумча мүмүкүнчүлүк катары турмушунда колдонуп, жакшы жашоонун миңден бир куралынын бири экендигин айтышты.
-Курска катышкандардын жана тренер окутуучулар арасында эң улуу жана эң кичүү жаштагылар канча жаштын айланасында кездешет?
- Университетибизде улгайган жашына карабастан өз тажрыйбасын, билимин мүмкүн болушунча үзгүлтүксүз өркүндөтүп жаткан окутуучуларыбыз абдан көп. Былтыркы окуу жылында жетимиш жаштан ашкандар көп болгон. Быйылкы окуу жылында Тарых-юридика институтунун доценти Искандар Юсупалиев 62 жашында «Скопус базасын колдонуу жана эффективдүү электрондук коммуникация» аталышындагы семинар-тренингине ийгиликтүү катышты. Ал эми эң жаш окутуучу катары «ХХI кылымдын окутуучусу : жаңы технологиялар жана креативдүү окутуу» курсуна МИТ институтунан Кайымова Луиза 23 жашында катышты. 70 жаштан ашкан тажрыйбалуу тренерлер катары улуу инсандар, сыймыктуу университетибиздин профессорлору Капар Зулпукаров, Мейликан Алтыбаева, Нина Ешеноваларды сыймыктануу менен белгилейбиз. Эң жаш тренер катары 2024-2025-окуу жылында ОшМУ боюнча өткөрүлгөн педагогикалык дебют номинациясы боюнча «ОшМУнун заманбап жаш окутуучусу» баш байгесинин ээси, 27 жаштагы «Веб-технологиялар жана алардын билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү» аттуу курстун тренери Жанболот Калбаевди кубануу айтам.
![]()
- Жакынкы күндөрү ОшМУда Казакстандагы бир окуу жай «Күмүш университет» долбоорун презентациялады. Өмүр бою билим алуу маданиятын жайылтууга көз карашыңыз кандай?
- XXI кылымда билим берүүдөгү негизги тенденциялардын бири – өмүр бою билим алуу багыты. Бир нерсени үйрөнүп алып «Мага ушул өмүр бою жетет» деген ой деги эле болбойт. Жараткан инсанган канчалаган мүмкүнчүлүктөрдү ыроологон. Аларды колдонбой, көрбөй, мүмкүнчүлүктөрүн ачпай, мазмунун түшүнбөй кетүү арман эмей эмине... Улууларды (жашы чоңдорду) окутуу, андрагогика боюнча адис деген сертификатка ээмин. Учурда «Күмүш университет» долбоорундагы маалыматтарды өздөштүрүп жатабыз. «Карыгында кимге керегим бар эле?..» деп, топтогон тажрыйбасынын керектиги тууралуу ойлонбогон эч кимге алмаштыргыс адистерибиз толтура. Бул мүмкүнчүлүктөрдү коомдун өнүгүшүнө, жагымдуу карылыкта жашоого пайдаланууга колдонууга эмне үчүн болбосун.
- Сиз өзүңүз да абдан мазмундуу практикалык курстарды өтүп келесиз. Сабак берүүдөгү башкы принциптериңиз кайсылар? Өзгөчө усулдарды кайсыл жактан аласыз?
- Жакшы пикириңиз үчүн рахмат. Сабак берүүдө, семинар-тренингилерди жүргүзүүдө катышуучулардын ар түрдүүлүгүнө карабай алардын муктаждыктарын канаатандырууга менин күчүм жетеби? Жетсе мазмунду канча элементке бөлүп кандайча жеткиремин? Тандап алган ресурстарым катышуучулардын мазмунду түшүнүүсүнө, туруктуу эстеп калуусуна, алардын мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга канчалык тассир этет? Эмоциясын чагылта алабы? Көркөмдүгү? Таасири? Тажрыйбасына кантип трансформациялашат? Өздөштүрүп жатканды кантип билип турамын? Кайтарым байланыш кандайча жүрсө натыйжалуу? Балоо кандайча жүрөт? Мазмун кантсем жеңил өздөштүрүлөт? Түшүнбөй калуу тобокелчиликтери барбы? Физикалык, психологиялык, педагогикалык чөйрөнү кантем? Катышуучуларды кантип бат тааныймын, алардын өзгөчөлүктөрү канткенде бат аныкталат? ушул сыяктуу бир нече суроолордун үстүнөн ойлономун. Мазмунду мүмкүн болушунча жеткиликтүү тилде, кыска мөөнөттө жеткирүүгө бел байлайм.
Мазмунду жеткирүүдө колдонулуучу техникалар, ыкмалар, методдор, стратегияларды өмүр бою жыйнап, дайыма тажрыйбаны арттырууга аракеттенемин.
![]()
- Сиз окуган китептер, устаттарыңыз тууралуу айтып бериңизчи?
- Окурман катары классикага, жаңы муун өкүлдөрүнүн чыгармаларына кызыгамын. Мугалим катары окутуу методикасына, инновациялык технологияларды үзгүлтүксүз окуп барууга туура келет. Кыргыз тарыхы боюнча маалыматтарды, соцтармактардагы материалдарды убакыт болгондо карайм. Азыр столумда профессор Добаев Кыргызбай агайдын «Новая школа, новое мышление», Дастан Сарыгулов агайыбыздын «КЫРГЫЗ тарых, салттуу билим, касиет» аттуу китептери турат. Устат, насаатчы болбосо болбойт да. Баарын өзүм билдим, өзүм жасадым деген такыр болбойт. Устаттарды атап бүтүү татаал. Анткени мектеп мугалимдеримден баштап, жогорку окуу жайда сабак берген, илимий жетекчилик кылган, бир кесиптеги инсандардан баштап билим берүүдөгү ата-мекендик, чет элдик адистер, программалардын тренер-жетекчилери, долбоорлордун кызматкерлери, кызыгып окуп-үйрөнгөн авторлор, деги эле, алардын саны абдан көп
- Окутуучу катары сиздин оюңузча, бүгүнкү мугалимде сөзсүз болушу керек болгон үч негизги сапат кайсылар?
- Мугалимдин компетенциялары аныкталып, тиешелүү министрликте каралганын билемин. Ошентсе да жеке менин пикиримде: биринчи кезекте, бирөөнүн ордуна өзүн коё билген, психологиялык тил менен айтканда эмпатиялык касиетке ээ, боорукердик. Экинчи, кесипти сүйүү ага татыктуу болуу. Өзүн жана башкаларды өнүктүрө алган шык. Үчүнчү талыкпай изденүүчүлүк, аракетчилдик.
![]()
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз, сиз сыяктуу мугалимдик кесипти аркалаган уул-кыздарыңыз барбы?
- Көп балалуу үй бүлөнүн атасымын. Төрт уул, эки кыз бар. Шүгүрчүлүк болсун, баары үй бүлөлүү, үйлүү-жайлуу, бала-чакалуу. Эки кызым кесибимди аркалап келүүдө.
- Алдыдагы жылдарга карата борбордун кандай өнүгүү стратегиясы жана пландары бар?
- Борбордун келечектеги өнүгүү планын түзгөнбүз. Ал улам толукталып, өзгөрүп жатат. Борбордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында институтка айлантуу сунушубузду ОшМУнун Админтративдик кеңеши колдоду. Окумуштуулар кеңешинин токтомун күтүп жатабыз. Бул максатыбыз ишке ашса, бир нече программалар ишке кирет. Кайра даярдоо, квалификацияны өркүндөтүүнү жаңы багытта улантуу болот, буюрса. Формалдуу эмес билим берүүнү колго алсакпы дейбиз. Студенттер, чоңдор, жалпы элибиз үчүн кыска мөөнөттүү курстарды түзүү, формалдуу адистиги жок чебер, тажрыйбалуу адистерди валидациялоо , жогоруда айткан «Күмүш унивеситет» долбоорун балким, адаптациялоо.
Ошолордун баарын ишке ашырууда патриот адистерди, иштермандарды, тобокелчиликтерден коркпогон, эрки күчтүүлөрдү өнөктөш болууга чакырабыз. ОшМУну сүйүп, анын өнүгүшүнө салым кошо алчулар менен кызматташабыз.
Маектешкен Зинагул Нуралиева