«Жүрөктүн жылуулугу – балдарга» акциясы: окутуучулар жана студенттер балдар үйүнө жардам беришти

Главная Новости

«Жүрөктүн жылуулугу – балдарга» акциясы: окутуучулар жана студенттер балдар үйүнө жардам беришти

Image

ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдык циклындагы окутуучулар, студенттер «Жүрөктүн жылуулугу – балдарга» аттуу кайрымдуулук акциясынын алкагында Ош шаарындагы Балдар үйүнө барышты. 

Алар тарбиялануучуларга керектүү гигиеналык каражаттарды, дары-дармектерди жана башка муктаж болгон буюмдарды өткөрүп беришти. Акциянын максаты – материалдык жактан жардам берүү менен бирге балдарга көңүл буруу, камкордук көрсөтүү жана моралдык дем берүү болду. Окутуучулардын айтымында, мындай иш-чаралар студенттер үчүн да маанилүү тарбиялык ролду ойнойт. Алар боорукерликти, социалдык жоопкерчиликти, биримдикти күчөтүүгө жардам берет.

Уюштуруучулардын белгилешинче, бул демилге мындан ары да улантылып, кайрымдуулук жана социалдык колдоо иштерин салтка айлантуу пландалууда.

Фотогалерея