Ректор Кожобеков: консорциум интеллектуалдык, академиялык жана адамдык ресурстарды бириктирет

Главная Новости

Ректор Кожобеков: консорциум интеллектуалдык, академиялык жана адамдык ресурстарды бириктирет

Image

 «Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциуму интеллектуалдык, академиялык жана адамдык ресурстарды бириктирип, билим берүү системаларын интеграциялоого, мүчө мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө чоң салым кошууда. Мындай пикирин Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков консорциумдун III форумунун пленардык отурумунда айтты.

Кожобеков ОшМУ эл аралык кызматташтыктын активдүү катышуучусу болуп, тармактык программаларга катышып, академиялык мобилдүүлүк менен биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырып жатканына токтолду. 

«Бул форум кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, Евразия мейкиндигинде жогорку билим берүүнүн жаңы стратегияларын иштеп чыгууга жана инновациялык технологияларды мүчө мамлекеттердин экономикасына киргизүүгө багытталган».

«Евразиялык тармактык университет» илимий-билим берүү консорциумунун III форуму 22-октябрдан 23-октябрга чейин ОшМУнун базасында уланат. Бүгүн коноктор университеттин окутуучулардын, студенттердин илимий долбоорлору, стартаптары коюлган көргөзмө менен таанышты. Форумдун алкагында эксперттик баяндамалар жасалып, ЕТУнун координациялык кеңешинин жыйыны өтөт. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 




 

 

Фотогалерея