ОшМУда ординаторлор үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Главная Новости

ОшМУда ординаторлор үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында жумуш орундар жарманкеси өттү. Жарманкеге Медицина факультетинин дипломдон кийинки медициналык билим берүү борборунун 100дөн ашуун бүтүрүүчүлөрү келди. Алар окуу жай бир гана билим берип гана койбостон, жумуш табууда, ишке орноштурууда ОшМУ ар тараптан жардам берээрин баса белгилешти.

Сунушталып жаткан жумуштар медайымдан тартып, башкы дарыгерге чейин бар. Ал эми Иш берүүчүлөр жаш дарыгерлер үчүн айыл жергесинде жумуш орун көп, айлык маяна да жогору баада төлөнөөрүн айтышты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, облустар аралык жана региондордон келген өкүлдөр жана 50гө жакын ооруканалардын, клиникалардын жетекчилери келди.

Жарманке иш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү мекемелеринин жолугушуусу үчүн аянтча түзүлдү. Жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди алышты.

Жумуш жарманкеси ОшМУнун Медицина факультетинин Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

 

Фотогалерея