ЖОЖдор аралык чет өлкөлүк студенттердин достук жана кызматташтык мамилеси бекемделет

Главная Новости

ЖОЖдор аралык чет өлкөлүк студенттердин достук жана кызматташтык мамилеси бекемделет

Image

 

Казакстандын Нархоз университетинин “Нархоз интернешнал” клубу менен онлайн жолугушуу уюштурулду. Ага ОшМУнун “Клуб интернациональной дружбы (КИД)” бирикмесине мүчө 20дан ашуун чет өлкөлүк студенттер катышышты.

Нархоз университетинин чет өлкөлүк студенттер менен иштөө бөлүмүнүн адиси Айман Исакованын жетекчилиги астындагы клуб мүчөлөрү “Нархоз интернешнал” клубу жөнүндө маалымат беришти. Клуб Орусия, Өзбекстан, Тажикистан, Украина, Нигерия, Афганистан ж.б. өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк студенттердин университетке, шаарга адаптацияланышында, аларга тил үйрөттүүдө чоң роль ойной тургандыгын белгилешти. Майрамадарга карата түрдүү оюн-зооктор, викториналар, кинофильмдерди көрсөтүү, жаратылышы кооз жайларга экскурсия кылуу өткөрүлүп келе жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды беришти.

Жолугушууда студенттер көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышып, казакстандык достору менен клубдардын байланышын бекемдөө жаатында пикир алмашышты.

Натыйжада клубдар бири-биринин жумушчу пландары менен таанышып чыгып, биргелешкен аракеттердин жол картасын иштеп чыгууну макулдашышты.   

Аталган иш-чара чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан  өнөктөш окуу жайлардын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө боюнча бөлүмдөрү менен байланыш түзүү, алар менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү демилгесинин алкагында өттү.

Нархоз университети менен ОшМУ 2016-жылдан бери кызматташып келет.

Фотогалерея