ОшМУнун окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ваканттык кызмат орундарына конкурс жарыяланат

Главная Объявлении

ОшМУнун окуу түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ваканттык кызмат орундарына конкурс жарыяланат

Институт/факультеттердин аталыштары

Декан/директор кызмат орунга

1

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби

1

2

Тарых жана юридика институту

1

3

Кыргыз-кытай факультети

1

4

Экономика, бизнес жана менежмент институту

1

5

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети

1

6

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технология институту

1

7

Педагогика жана искусство институту

1

8

Орус филологиясы факультети

1

9

Чет тилдер факультети 

1

10

ОшМУнун медициналык колледжи

1

11

ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжи

1

12

ОшМУнун айыл-чарба колледжи

1

13

ОшМУнун курулуш колледжи

1

Конкурска катышуу үчүн документтерди берүү мөөнөтү

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден документтерди кабыл алуу ОшМУнун расмий сайтына конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылган күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Документтер 2026-жылдын 16-сентябрынан 25-сентябрына чейин саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

            Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:

            ОшМУнун кызматкерлери үчүн ОшМУнун сайтында документтердин тизмеси, үлгүлөрү менен жайгашкан (Сайт ОшМУ – университет – Окумуштуулар кеңеши https://www.oshsu.kg/ru/page/184);

            ОшМУдан сырткаркы мекемелердин кызматкерлери үчүн талап кылынуучу документтер:

1. Конкурска катышуу үчүн арыз (ОшМУнун ректорунун атына);

2. Иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча (фото сүрөтү менен);

3. Резюме, мурда иштеген жеринен сунуштоо-мүнөздөмө;

4. Иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

5. Иштеген жеринде жетекчилик тарабынан күбөлөндүрүлгөн жарык көргөн илимий жана илимий-методикалык эмгектеринин тизмеси;

6. Нотариус аркылуу же иштеген жеринде кадрдык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими, окумуштуулук даражасы тууралуу дипломдорунун, окумуштуулук наамы тууралуу аттестаттарынын көчүрмөлөрү.

Университеттин дареги: 723500, Ош ш., Алымбек Датка көчөсү, 331, 128-каана, тел.: 7-07-45