Сивас Жумхурийет университети академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады

Главная Объявлении

Сивас Жумхурийет университети академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады

Түркиянын Сивас Жумхурийет университети 2024-2025-окуу жылынын күзгү семестри үчүн академиялык мобилдүүлүк программасына кабыл алууну баштады.

Бардык адистиктер боюнча арыздар кабыл алынат.

Негизги шарттар жана талаптар:

 1. Түрк тилин В2 деңгээлде билүү;

2. Билим алуу акысыз;

3. Акы төлөнүүчү жатакана берилет;

4. Жол кире жана башка чыгымдар студенттин эсебинен;

5. Университет тууралуу кененирээк маалымат https://www.cumhuriyet.edu.tr/  сайтында;

Документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 20-майына чейин уланат.
Программанын координатору: ОшМУнун рейтинг бөлүмүнүн инспектору, PhD Кулназарова Айнура Досуевна.
Биздин дарек: ОшМУнун борбордук китепканасы, 302-кабинет.
Болжол: ОшМУнун башкы имараты.
e-mail: akulnazarova@oshsu.kg