ОшМУнун туризм адистигинин 2-курсунун студенттери окуу-тажрыйбалык практиканын алкагында Баткен облусуна таанып-билүү сапарына барышты. Алар аймактын жаратылышы, тарыхый-маданий мурастары, туристтик жайлары менен таанышышты.
Сапардын жүрушүндө студенттер Баткен шаарына, Төрткүл суу сактагычына, Мадыген геопаркы, Кан-и-Гут үңкүрү, Айгүл тоосу, Боз-Адыр айылына жана Кадамжай шаарына барышты. Ошондой эле Сох жана Шахимардан анклавдары, Кудаярхандын чеби, Молдо Нияз атындагы мамлекеттик тарыхый-мемориалдык музей, Хазрети Алиге байланышкан зыярат жайлары, Үч-Коргон токой чарбасынын Ак-Суу токой бөлүмү, Дугаба эс алуу жайы менен таанышышты.
Студенттер аймактын жаратылыш ресурстарын, тоо ландшафтарын, тарыхый-маданий объектилерин көрүп, алардын туристтерди тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурушту.
Бул сапар келечектеги туризм адистеринин практикалык билимин тереңдетип, Баткен облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн баалоого жана өлкөдөгү ички туризмди өнүктүрүү багытындагы түшүнүктөрүн кеңейтүү максатында уюштурулду.