Тил билүү дүйнөгө жол ачат

Main News

Тил билүү дүйнөгө жол ачат

Ош мамлекеттик университетинин студенти Махинур Максимова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Түркиянын Стамбул Соода университетинде билим алды. Ал жети тилде эркин сүйлөйт жана чет тилдерин билүү билим алууда, эл аралык байланыштарды кеңейтүүдө жана кесиптик өнүгүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына бекем ишенет. Махинурдун айтымында, тил билүү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү адамдар менен баарлашууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык деңгээлде өзүн өнүктүрүүгө кеңири жол ачат.