ОшМУнун ботаникалык багы окуу-илимий аянтчага айлантылат

Башкы Окуялар

ОшМУнун ботаникалык багы окуу-илимий аянтчага айлантылат

Image

Ош мамлекеттик университетинде декоративдүү жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдү сактоо, көбөйтүү багытында жаңы илимий долбоор ишке ашырылууда.

Бул багытта Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун доценти Болот Каримов баштаган  илимий топ Айназик Боронбаева, Аида Дурсунбаева жана  Жазгул Абдырахманова Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө (Куршаб) дарыясынын алабындагы табигый экосистемаларда өсүүчү декоративдүү, дарылык өсүмдүктөрдү изилдеп жатышат.

Алардын айтымында, акыркы жылдары Чыйырчык, Жылуу-Суу, Сары-Ой, Аюу-Тапан, Үч-Чат, Көлдүк, Кежиге көлү жана Талдык сыяктуу эс алуу жайларынын көбөйүшү антропогендик таасирди күчөтүп, айлана-чөйрөгө коркунуч жаратууда. Ушуга байланыштуу окумуштуулар аймактагы өсүмдүктөрдүн учурдагы абалына баа берип, жоголуп бара жаткан түрлөрдү сактоо, ботаникалык бактарда өстүрүү ыкмаларын иштеп чыгышууда.

Долбоордун негизги максаты өсүмдүктөрдү интродукциялоо ыкмаларын иштеп чыгып, ОшМУнун ботаникалык багын заманбап окуу-илимий аянтчага айлантуу болууда. Ошондой эле интродукцияланган өсүмдүктөрдүн атайын атласын даярдоо пландалууда. Долбоордун алкагында сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн резервдик фонду түзүлүп, алар боюнча маалыматтар топтолот.

Интродукция – бул өсүмдүктөрдү табигый өскөн аймагынан башка жаңы шартка алып келип, ошол жерде өстүрүү процесси. 

Илимий изилдөө иштери 2024-жылдын сентябрында башталып, 2026-жылдын сентябрына чейин уланат. Экспедициялар учурунда өсүмдүктөрдүн табигый шарттагы өсүшү изилденип, жаңы чөйрөгө ыңгайлашуу өзгөчөлүктөрү салыштырылууда. Лабораториялык шартта уруктардын сапаты, өнүү деңгээли жана жашоо жөндөмдүүлүгү аныкталууда. Мындан тышкары фенологиялык байкоолор жүргүзүлүп, өсүмдүктөрдүн кооздугу жана туруктуулугу бааланууда.

Долбоордун алкагында өсүмдүктөрдү жаңы шарттарда өстүрүүнүн инновациялык ыкмалары иштелип чыгып, алардын экологиялык өзгөчөлүктөрү изилденет. Биотехнологиялык ыкмалар аркылуу дарылык касиеттерин жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү да каралууда. Мындан тышкары долбоор экономикалык жана социалдык жактан да маанилүү. Жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү, жашыл курулушта колдонулуучу декоративдүү өсүмдүктөрдү көбөйтүү, сатууга чыгаруу пландалууда. Адистердин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыктары өсүмдүктөрдү коргоо жана туруктуу пайдалануу боюнча жаңы сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзүп, илимий коомчулукка сунушталат.


 

Фото галерея