“Кыргызстандагы элдик революциялар: 24-март жана 7-апрель – тарых жана сабактар” аталышында тегерек стол Индустриалдык-педагогикалык коллежде уюштурулду.
Анда студенттерге 2005-жылдагы Март революциясы жана 2010-жылдагы Апрель революциясы тууралуу видеохроникалар көрсөтүлүп, баяндамалар жасалды.
Талкуу учурунда аталган революциялардын себептери, өнүгүү этаптары жана коомдук-саясий мааниси кеңири каралды. Катышуучулар тарыхый окуялардан алынуучу сабактарга өзгөчө көңүл буруп, жарандык жоопкерчилик, мыйзамдуулукту сактоо, коомдогу тынчтыктын мааниси тууралуу пикир алышты.
Тегерек стол жандуу диалог форматында өтүп, студенттер өз ойлорун эркин билдиришти. Ошондой эле кызыктырган суроолоруна жооп алышты.
Иш-чара жаштардын тарыхый аң-сезимин жогорулатууга жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга багытталды. Аны коомдук илимдер жана аскерге чейинки билим берүү циклынын окутуучулары Санжар Исакулов, Мурат Жумаев жана Айгерим Абдалимова өткөрүштү.