Окутуучулар Өзбекстанда эл аралык тажрыйба алмашуу өткөрүштү

Башкы Окуялар

Окутуучулар Өзбекстанда эл аралык тажрыйба алмашуу өткөрүштү

Image

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Бактыгүл Байтикова, Махабат Мамырова, Нурила Темирова жана Канымбү Коңурбай 1–4-апрель күндөрү Өзбекстанда илимий жана билим берүү багытындагы эл аралык тажрыйба алмашуу иш сапарында болушту.

Алар Термиз мамлекеттик университетинде жана Ташкент мамлекеттик медициналык университетинин Термиз филиалында болуп, окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Мындан сырткары студенттер, окутуучулар үчүн конок лекцияларды өтүштү. Ошондой эле кыргыз-өзбек адабий байланыштарынын тарыхый мааниси, “Манас” жана “Алпамыш” эпосторунун сюжеттик окшоштуктары, өзгөчөлүктөрү кеңири талкууланды. Катышуучулар үчүн заманбап билим берүү ыкмалары, академиялык коммуникация, медиа сабаттуулук жана фейк маалыматтарды аныктоо боюнча практикалык мастер-класстар да уюштурулду.

Иш сапардын жыйынтыгында Ташкент медициналык университетинин Термиз филиалынын жетекчилиги кыргызстандык окутуучуларга ыраазычылык билдирди. Алар эки тараптуу илимий кызматташтык мындан ары дагы кеңейерин белгиледи. Катышуучуларга атайын ыраазычылык каттар жана сертификаттар тапшырылды.

 

Фото галерея