ОшМУнун Табигый ресурстар борбору 2021-жылы ноябрь айындагы ректордун буйругу менен түзүлгөн.
Борбордун милдети: Кыргызстандын түштүк аймагындагы табигый ресурстарды коргоо, байытуу жана учурдун талабына шайкеш экологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрдүн алкагында рационалдуу пайдалануу үчүн аларды заманбап усул-ыкмалардын негизинде ар тараптуу окуп үйрөнүү, табигый ресурстардын бүгүнкү күндөгү абалына баа берүү, потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана натыйжалуу пайдалануунун жолдорун иштеп чыгуу.
Мындан сырткары ОПКна илимий макалаларды жазуу. СКОПУС, РИНЦ жана башка индекстелген журналдарга басмага берүү боюнча консультативдик кызматтарды көрсөтүү, илимий долбоорлорду түзүү жана аткаруу.
Табигый ресурстар борборунун кызматкерлеринин курамы
|
№ |
Ф.А.А. |
Ээлеген кызматы, илимий даражасы |
|
1 |
Эркебаев Тажимамат Кудайбердиевич |
Директор, биология илимдеринин кандидаты, доцент |
|
2 |
Кенжаев Идирис Гуламович |
Башкы илимий кызматкер, техника илимдеринин доктору, профессор |
|
3 |
Абдуллаева Жыпаргуль Душабаевна |
Улук илимий кызматкер, химия илимдеринин кандидаты, PhD |
|
4 |
Мусаева Айдай Ташболотовна |
Лаборант |