ОшМУнун Этикалык комитети

Илим ОшМУнун Этикалык комитети

ОшМУнун Этикалык комитети

Ош мамлекеттик университетинин Этикалык комитети 2024-жылдын 19-январындагы буйруктун  негизинде түзүлгөн.

Комитеттин негизги максаттары:

  1. Адамдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо:
    Илимий изилдөөлөргө катышкан адамдардын психикалык жана физикалык саламаттыгын сактоо, алардын кадыр-баркын урматтоо, ошондой эле негизсиз тобокелдикке же кооптуулукка кабылбоону камсыз кылуу.
     
  2. Жаныбарларга карата гуманизмди сактоо:
    Илимий изилдөөлөрдө жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоонун алдын алуу.
     
  3. Эл аралык этикалык нормаларга шайкештик:
    Илимий изилдөөлөрдүн эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жана расмий этикалык корутунду берүү.
     
  4. Жарыялоо үчүн этикалык баа берүү:
    Адамдардын жана жаныбарлардын катышуусунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларын кадыр-барктуу илимий журналдарга жарыялоо үчүн этикалык баа берүү жана уруксат берүү.

Этикалык комитеттин курамы:

  • Алтыбаева Дильбара Тойчуевна – химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын профессору, төрайым;
  • Сейдалиева Мира Кошмаматовна – коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасынын доценти, төрайымдын орун басары;
  • Умурбекова Токтайым Акаевна – психология кафедрасынын доценти;
  • Парайдин уулу Шайлообек – граждандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы;
  • Абдиева Чынара Ильясовна – журналистика кафедрасынын доценти;
  • Орунбаева Гулкайыр Жолоновна – социалдык-гуманитардык дисциплинасынын доценти;
  • Даутов Тимур Талгатович – Ош областтык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору;
  • Жунусов Абсалам Тажибаевич – хирургиялык дисциплиналар травматология курсу менен кафедрасынын доценти;
  • Абдусатар кызы Ширинай – илим жана инновация бөлүмүнүн патент жана ойлоп табуу боюнча инженери.

Изилдөөчүлөрдүн Этикалык комитетке кайрылуу мөөнөттөрү:

Категория

Кайрылуу мөөнөтү

Аспиранттар, PhD докторанттар, изденүүчүлөр

Изилдөө темасы бекитилген күндөн тартып 1 жылдын ичинде

Магистранттар

Изилдөө темасы бекитилген күндөн тартып 0,5 жылдын ичинде

Этикалык корутунду алуу тартиби

I этап. Изилдөө жетекчиси документтердин топтомун Этикалык комитетке тапшырат:
Топтомго төмөнкү документтер кирет:

  1. Арыз жана изилдөөчү (же топ) тууралуу маалымат (квалификациясы, сертификаттары).
     
  2. Маалыматтарды колдонууга жана иштетүүгө макулдук берилген документ.
     
  3. Маалыматтуу макулдук формалары (участниктер үчүн).
     
  4. Изилдөөнүн протоколу (сүрөттөлүшү жана мүнөздөлүшү).
     

Документтерди тапшыруу тартиби:

  • Электрондук түрдө: mseidalieva@oshsu.kg дарегине.
     
  • Кагаз түрүндө: ОшМУнун БиМ факультетинин 2-корпусундагы «Коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасынын 7-кабинетине.
     
  • Документтерди кабыл алуу жана отурумдар боюнча байланыштуу адам:
    Сейдалиева Мира Кошмаматовна, Этикалык комитеттин төрайымынын орун басары.
     

Арыз ээси комитеттин отурумуна катышууга чакырылат. Отурумдун так күнү жана орду электрондук почта аркылуу билдирилет.

II этап. Комитеттин кароосу жана чечими
Этикалык комитет документтерди 15 жумуш күнү же 21 календардык күн ичинде карап чыгат. Натыйжада төмөнкү чечимдердин бири кабыл алынат:

  1. Толук уруксат берилет.
    Изилдөө этикалык нормаларга жооп берет.
     
  2. Түзөтүүлөр менен уруксат берилет.
    Майда этикалык сунуштар менен изилдөөгө уруксат.
     
  3. Каралышы токтотулат.
    Этикалык талаптарга жооп бербеген айрым кемчиликтер жоюлган соң кайра каралат.
     
  4. Уруксат берилбейт.
    Изилдөө этикалык нормаларга жооп бербейт, ишке ашырууга сунушталбайт.
     

Ош мамлекеттик университетинин Этикалык комитетинин 2025–2026-окуу жылына карата иш-планы

Ош мамлекеттик университетинин Этикалык комитети жөнүндө ЖОБО