Тарых жана социалдык иштер факультети

Университет Структуралар Факультеттер Тарых жана социалдык иштер факультети

Тарых жана социалдык иштер факультети

Адрес Ош шаары И.Раззаков проспектиси 21
Телефон (3222)8-48-22
Факс
Веб-сайт http://history.oshsu.kg
E-mail Sarstanov@oshsu.kg

 

 Чыгыш таануу жана тарых факультети университеттин курамындагы алгачкы структуралардан болуп, 1939-жылы Ош мугалимдер институту ачылгандаанын курамында тарых факультети катары түзүлгөн.

1951-жылы Ош мугалимдер институту педагогикалык институт болуп кайра түзүлгөндө, тарых адистиги жабылган. 1960-жылы институттатарых адистиги тарых-филология факультетинин бөлүмү болуп кайрадан ачылган. 1964-жылы бөлүм өз алдынч тарых факультети болупт үзүлгөн. Бирок айрым саясий себептерден улам 1969-жылы тарых факультети кайрадан жабылып, студенттер Фрунзе шаарында жайгашкан КМУнун тарых факультетине которулушкан.

Заман талабына ылайык, 1985-жылы тарых адистиги Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында кайрадан ачылган. 1988-жылы тарых бөлүмү өз  алдынча факультет статусуна ээ  болгон. 1992-жылы окуу жай Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөндө факультет “Тарых-укук факультети” болуп  өзгөртүлгөн.

2006-жылы тарых-философия факультети 2008-жылы кайрадан юридика адистиги бириктирилип, факультет тарых-юридика болуп өзгөргөн.

2014-ж жылы сентябрь айында тарых факультети өз алдынча факультет болуп түзүлүп, 2019-жылы чыгыш таануу жана тарых факультети болуп аталды.

Факультеттин миссиясы – тарых профили боюнча социалдык-экономикалык билим берүү багытында атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты – ааламдашуу процессинде тез өзгөрүлүп турган замандын шарттарында компетенттүүлүккө багытталган кесипкөй, заманбап педагогикалык тармактагы адистерди даярдап чыгаруу.

Факультеттин милдети – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаанд

аштыкка туруштук берген татыктуу кадрларды даярдоочу устат болуу. Ар бир студентти окууга, жашоого, чыгармачыл болууга үйрөтүү.

Адистиктер

Адистиктин аталышы

даражасы

Окуу формасы

 Окуу мөөнөтү

1

Социалдык-экономикалык билим берүү (Тарых профили)

бакалавриат

Күндүзгү, дистанттык

4, 5 жыл

магистратура

 

2 жыл

2

Чыгыш таануу жана африканистика

бакалавриат

Күндүзгү

4 жыл

магистратура

 

2 жыл

3

Башкаруунун документациялык камсыздоо

бакалавриат

күндүзгү

4 жыл

 

Фото галерея