Педагогика жана психология факультети 1959-жылы негизделген (буйрук №150. 20-июль) ОшМУнун структурасындагы алгачкы факультеттерден. Биринчи ачылганда музыка-педагогика факультети деп аталып, жогорку билимдүү музыка жана башталгыч класс мугалимдерин даярдоого багытталган. Анткени ошол мезгилде республикада аталган адистиктер боюнча жогорку билимдүү мугалимдерге суроо-талап, муктаждык өтө күчтүү эле.
1978-79-окуу жылында музыка адистиги бөлүнүп кеткенден кийин, педагогика факультети өзүнчө факультет болуп түзүлгөн. 1998-99-окуу жылынан тартып дене тарбия адистиги ачылгандыгына байланыштуу, педагогика жана дене тарбия факультети деп аталып, 2008-жылы ректордун буйругунун негизинде искусство факультети менен педагогика жана дене тарбия факультети биригип, педагогика жана искусство факультети деп аталган. 2011-жылдын сентябрь айынан баштап, искусство бөлүмү факультет болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу педагогика жана дене тарбия факультети болуп аталган. 2019-2020-окуу жылында психология адистиги кошулгандыгына байланыштуу педагогика, психология жана дене тарбия факультети деп кайрадан аталды. Ош мамлекеттик университетинин 2022-жылдын 30-июнунда №2584-ФХД/22 буйругу Дене тарбия факультети түзүлгөндүгүнө байланыштуу Педагогика жана психология факультети деп
ФАКУЛЬТЕТТИН МИССИЯСЫ: Өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берген жана заманбап эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.
Факультеттеги даярдалуучу багыт:
№ |
Коду |
Багыты |
Квалификациясы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
1 |
550700 |
Башталгыч билим берүү, мектепке чейинки билим берүү:
|
Бакалавриат
|
Күндүзгү |
4 |
Дистанттык |
5 |
||||
Магистр |
Күндүзгү |
2 |
Факультетте 6 кафедра бар:
Кафедранын аталы |
Кафедра башчысы |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
1.Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы |
би.к., доцент М.Шайимкулова |
0778 67 26 43 |
sh-minabar62@mail.ru |
2.Башталгыч билим берүүнүн тилдеринин, адабиятынын теориясы жана методикасы |
фил.и.к., доцент М.Мамутов; |
0772 862650 |
|
3. Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы |
п.и.к., доцент М.Бабаев; |
0773 504104 |
mbabaev@mail.ru |
4.жалпы психология |
п.и.к., доцент С.Кошонова |
0705 743227 |
Saltanat_kg74@mail.ru |
5.психология |
п.и.к., доцент А.Жолдошова |
0772 702642 |
|
6.педагогика кафедрасы |
п.и.к., доцент Г.Жутанова |
0777 767574 |
|
Факультеттин структурасы:
1. Декан: - фил.и.к., доцент Ч.Гапарова;
2. Декандын күндүзгү жана сырттан окуу иштери боюнча орун басары –доцент З.Бекмуратов;
3. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары – окутуучу С.Азимова;
4. Декандын илимий иштери боюнча орун басары – доцент Т.Умаров;
5. Кесиптик кошундун төрагасы - окутуучу М.Ислаев
6. Усулдук кенештин төрайымы жана практика башчысы – улук окутуучу А.Таабалдиева.