Адрес | Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Монуева 48в |
Телефон | +996 778 028 786 |
Факс | |
Веб-сайт | http://fir.oshsu.kg |
sibraimova@oshsu.kg |
Факультеттин миссиясы жана көз карашы
ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин миссиясы – эл аралык мамилелер, саясат таануу жана аймак таануу жаатында илимий изилдөөлөрдү жана алдыңкы билимдерди берүүчү, квалификациялуу адистерди даярдоочу, бардык аспектилерине ээ болгон алдыңкы илимий билим берүү борбору болуу. Ошондой эле изилденген аймактардын экономикалык, саясий, маданий өнүгүүсүнүн бардык аспектилерине ээ болгон, өз ишинин натыйжалары учун мамлекет жана коом алдында жоопкер болгон адистерди чыгаруу.
Факультеттин көз карашы – 2025-жылга карата эл аралык мамилелер факультети университеттин жогорку квалификациялуу эл аралык адистерди, саясат таануучуларды, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатындагы негизги окуу жана илимий бөлүм болуп, бардык зарыл талаптарга жооп берген дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине айлантуу.
21-кылымдагы ааламдашуу жана заманбап эл аралык процесстер шартында эл аралык мамилелер факультетинин адистиктери экономикалык дипломатиянын милдеттерин, эл аралык билим берүү жана илимий программаларды ишке ашырууда, региондук мамилелерди жана интеграциялык процесстерди активдештирүүдө барган сайын ролу күчөп барат. Азыркы мезгил үчүн эл аралык адис саясаттын, экономиканын, демографиянын, маданияттын, менеджменттин ж.б. актуалдуу маселелери боюнча гана маалымат билбестен, ошондой эле эл аралык талдоочу жана уюштуруучунун бардык зарыл сапаттарына ээ болушу керек. Ушуга байланыштуу эл аралык мамилелер факультетине тиешелүү тармактардагы ишмердүүлүктүн көлөмүн кеңейтүүгө туура келет.
Мындай шартта «эл аралык экономикалык мамилелер», «дүйнөлүк саясат» сыяктуу тар профилдеги жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү адистиктерди ачуу зарылчылыгы келип чыгууда, алар тиешелүү түрдө квалификациялуу кадрларды тандоону талап кылат.
2025-жылга карата университеттин илимий бөлүмү катары алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жана жогорку билимдин жана илимдин ички потенциалын органикалык айкалыштырган факультеттин жаңы модели ишке ашырылат. Мындай модель кош дипломдук билим берүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, англис тилдүү программаларды ишке ашырууга негизги көңүл буруу, чет өлкөлүк билим берүү модулдарын ишке ашыруу, эки тилдүү окуу китептерин чыгаруу,чет өлкөлүк профессорлор менен биргеликте студенттер, магистранттар жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу аркылуу дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграцияны камсыз кылат.
Адистиктер
№ |
Адистиктин аталышы |
Даражасы |
Окуу формасы |
Окуу мөөнөтү |
1 |
Эл аралык мамилелер |
Бакалавр |
Күндүзгү |
4 жыл |
Магистратура |
Күндүзгү, дистанттык |
2 жыл |
||
2 |
Саясат таануу |
Магистратура |
Күндүзгү, дистанттык |
2 жыл |
Кафедралар
Кафедранын аталышы |
Кафедра башчысы |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Эл аралык мамилелер |
Ф.и.к., проф., Нурдинова К.Х. |
0557727914 |
knurdinova@oshsu.kg |
Философия жана политология |
Ф.и.д., доц. Курбанбаев К.А. |
0772665590 |
kkurbanbaev@oshsu.kg |
Кесиптик чет тилдер |
Улук окут., Азимова Ж.Ч. |
0551310861 |
jazimova@oshsu.kg |
Факультеттин жетекчилиги
Кызматы |
Аты-жөнү |
Байланыш телефону |
Электрондук дареги |
Декан |
Ибраимова Сайкал Сейтакуновна |
0778028786 |
sibraimova@oshsu.kg |
Декандын окуу иштери боюнча орун басары |
Ташыбаева Алина Курманбаевна |
0775995115 |
atashybaeva@oshsu.kg |
Декандын илимий иштери боюнча орун басары |
Раджапова Назгуль Абийбуллаевна |
0755112055 |
nradjapova@oshsu.kg |
Декандын тарбия иштери жана келишимдик төлөмдөр боюнча орун басары |
Бапиев Улан Абдимиталипович |
0778309795 |
bapievulan007@gmail.com |
Окуу-усулдук кеңештин төрайымы
|
Аматова Гулзат |
0555626429 |
gamatova@oshsu.kg |
Окумуштуу катчы
|
Даниярова Гулзина Маматалиевна |
0778736030 |
gdaniyarova@oshsu.kg |
Практика жетекчиси
|
Акматов Советбек Акматович |
0555180900 |
sovetbek58@mail.ru |
Кесиптик бирликтин төрагасы
|
Эркебаев Элес Мизанович |
0770484484 |
eles151515@mail.ru |