НМУнун делегациясы Кыргыз-Кытай факультетинде конок лекцияларды өтүштү

Башкы Жаңылыктар

НМУнун делегациясы Кыргыз-Кытай факультетинде конок лекцияларды өтүштү

Image

Өзбекстандагы Наманган мамлекеттик университетинин (НМУ) Дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы Косим Сидиков баштаган делегация 21-22-апрель күндөрү Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Кыргыз-Кытай факультетине иш сапары менен келишти. Он бир адамдан турган делегация факультет менен таанышып, билим берүү багытында түзүлгөн шарттарын, окуу процессинин жүрүшүн жеринен көрүштү. 

НМУнун англис тили кафедрасынын доценти, PhD Нозима Мамаджанова “Чет тилдерин окутуунун методикасы” темасында, PhD Дилафруз Саримсакова “SCOPUS журналдарында макала жарыялоо: туура журналды тандоо жолдору” темасында конок лекция өтүштү. Ага факультеттин кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын окуутуучулары, магистранттар, студенттер катышты. НМУнун доценттери тарабынан англис тилин окутуунун усулу боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, тажрыйба алмашуу орун алды. 

Алар Кыргыз-Кытай факультетинде окуп жаткан өзбекстандык студенттер менен да жолугуп, пикир алышты. ОшМУнун башка институттары, факультеттери жана борборлору,“Next Generation Hub” борбору менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурулду.

Мындан тышкары ОшМУ менен НМУнун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. НМУда 12-13-май күндөрү өтүүчү эл аралык илимий конференцияга катышуу, окутуучулардын жана студенттердин тажрыйба алмашуусу боюнча макулдашуулар орун алды.

 

 

Фото галерея