ЖОЖдор аралык предметтик олимпиадада ОшМУ биринчи болду 

Башкы Жаңылыктар

ЖОЖдор аралык предметтик олимпиадада ОшМУ биринчи болду 

Image

Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы кыргыз-өзбек эл аралык университетинде өткөн ХII ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадада ОшМУнун студенттери алдыңкы орундарды алды. Багыттар боюнча катышкан 97 студенттин ичинен он сегизи биринчи орунга, 12си экинчи, тогузу үчүнчү орунга ээ болду.  

Аймактык олимпиада 19-апрелде болуп, ага Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышты. Жалпы эсеп боюнча жети университеттин ичинен ОшМУ предметтик олимпиаданын жыйынтыгында алдыга чыгып, биринчи орунду багындырды.  

Олимпиада студенттердин билимин, окутулуп жаткан дисциплиналар боюнча ЖОЖдор аралык сыноо жана ынтымак-достукту бекемдөө максатында өткөрүлдү. Ошондой эле алардын предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, илимий, чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгуусун өнүктүрүү болууда. 

Кезектеги университеттер аралык аймактык студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы Баткен мамлекеттик университетине берилди.

 

Фото галерея