ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасына шайлоо өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасына шайлоо өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинин  кесиптик бирлигинин төрагасы болуп кайрадан Абсамат Саттаров шайланды. Шайлоо бүгүн, 6-февралда болду. Ага окуу жайдын бардык стуруктураларынан шайланган 165 делегат катышты. 

Төрагалыкка талапкерлигин Абсамат Саттаров жана Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу Эгемназар Кутпидинов көрсөттү.

Бирок Кутпидинов талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салды. Делегаттардын дээрлик баары Абсамат Саттаровду колдоп, экинчи мөөнөткө шайлашты.

Иш-чарада Абсамат Саттаров 2020-2025-жылдар ичинде аткарган иштери боюнча отчет берди.

Абсамат Саттаров буга чейин ОшМУнун медицина факультетинде морг башчысы, лаборант, окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы жана декандын окуу иштери боюнча орун басары кызматтарын аркалаган. 2020-жылы ОшМУнун профсоюз кесиптик бирлигинин төрагасы кызматына шайланган.

 

Фото галерея