
Бүгүн, 6-февралда ОшМУда Кыргызстандын климаты, анын өзгөрүшүнүн өлкөдөгү жана Борбор Азиядагы суу ресурстарына, экосистемаларына тийгизген таасири талкууланды.
Жыйынга окутуучулар эксперттер, изилдөөчүлөр жана техникалык адистер катышты.
Борбор Азия университети менен ОшМУнун эксперттери адаптация стратегиялары, аймактык экологиялык шарттар боюнча өз изилдөөсүн сунуштады. Ошондой эле климаттын калктын ден соолугуна тийгизген таасири жана туруктуу өнүгүү максаттары айтылды.
Бул жыйын Казакстанда, Кыргызстанда жана Тажикстанда тоолорду туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында уюштурулуп жаткан бир катар иш-чаралардын бөлүгү болуп саналат. Программа климаттын туруктуулугу, мөңгүлөрдү сактоо, туруктуу экономикалык өсүш жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоодо салттуу билимдерди интеграциялоо сыяктуу негизги аймактык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Иш-чараны Борбор Азия университети менен ОшМУнун эл аралык байланыштар департаменти биргеликте уюштурган.