Кош диплом алуучу алгачкы бүтүрүүчүлөр квалификациялык иштерин ийгиликтүү коргошту

Башкы Жаңылыктар

Кош диплом алуучу алгачкы бүтүрүүчүлөр квалификациялык иштерин ийгиликтүү коргошту

Image

2-июнда Ош мамлекеттик университети менен Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети ишке ашырып жаткан кош дипломдуу билим берүү программасынын 4-курсунун студенттеринин бүтүрүү квалификациялык иштерин коргоо боюнча Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын онлайн жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынды аталган программанын жетекчиси, доцент Диларам Мадаминова уюштуруп, Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын төрайымы катары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Калматова, эксперт катары Ж. Бөкөнбаев атындагы №5 мектептин директору Максат Дүйшеева катышты.
Кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча студенттер 2 жыл ОшМУда, 2 жыл  Евразия улуттук университетинде билим алышкан. 2025-2026-окуу жылында филологиялык билим берүү багыты  боюнча орус тили жана адабияты адистигин 6 студент аяктап жатат. 
 Кош дипломдуу программа студенттерге эки өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алууга, эл аралык деңгээлдеги кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп калыптанууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Фото галерея