23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата ОшМУнун Курулуш коллежинде иш-чара өттү.
Саамалыкта кыргыз тилинин мааниси, аны урматтоо, күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу тууралуу сөз болду. Иш-чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастурахан Шарипова, окутуучулар, студенттер катышты. Коноктор куттуктоо сөзүн айтып, студенттерге жакшы каалоолорун билдиришти.
Майрамдык иш-чара студенттердин концерттик программасы менен коштолду.
Эске салалы: 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Быйыл бул күндүн 37 жылдыгы белгиленип жатат.