Окутуучулар Римде өтүп жаткан Erasmus+ SILKWAY долбоорунун отурумуна катышты

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Римде өтүп жаткан Erasmus+ SILKWAY долбоорунун отурумуна катышты

Image

14–22-сентябрь күндөрү Италиянын Рим шаарындагы Сапиенца университетинде Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын SILKWAY (CBHE) долбоорунун жетектөөчү комитетинин кезектеги эл аралык отуруму өттү.

Иш-чарага ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун Энергетика кафедрасынын профессору Идирисбек Кенжаев, доценттер Зарипбек Айдарбеков, Түгөлбай Матисаков, долбоордун мүчөлөрү Нажимидин Бабаев, Зарипа Асанова катышты. Алар университеттин тажрыйбасы жана сунуштарын эл аралык өнөктөштөр менен бөлүштү.

Европалык жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр кайра жаралуучу энергия булактары, анын ичинде жашыл энергетика боюнча заманбап окуу программаларын иштеп чыгуу, окуу процессине киргизүү, университеттерде ачылган жаңы лабораториялардын ишин талдоо, студенттер менен окутуучулардын эл аралык тажрыйба алмашуусун күчөтүү маселелерин талкуулашты.

SILKWAY долбоору 2024–2027-жылдары ишке ашырылып, жогорку билим берүү системасында инновациялык окутуу ыкмаларын өнүктүрүүгө, жашыл энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары боюнча билим берүүнүн мазмунун жаңылоого багытталган.

ОшМУда долбоордун алкагындагы иштер практикалык багытта да жүргүзүлүүдө. Окуу жайдын энергетика кафедрасы заманбап окуу-лабораториялык жабдуулар менен камсыздалып, студенттер күн, шамал энергиясы, фотоэлектр энергиясы, гидроэнергетика жана энергияны үнөмдөө багыттарында практикалык билим алышууда.

 

Фото галерея