Окутуучулар Белорусияда орус тили боюнча жаңы изилдөөлөрүн тааныштырды

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Белорусияда орус тили боюнча жаңы изилдөөлөрүн тааныштырды

Image

 

ОшМУнун Филология жана эл аралык коммуникациялар институтунун орус тилин жана адабиятын окутуу методикасы кафедрасынын башчысы Диляра Мадаминова менен ага окутуучу Чынара Токурова Минск шаарында жаңы изилдөөлөрү менен бөлүштү. Эл аралык жыйын 4–10-декабрь күндөрү өтүп, "Чет өлкөлөрдө орус тилин жана маданиятын сактоо, колдоо жана жайылтуу" аталышында болду. 

Диляра Мадаминова баяндамасында саясий-маданий өз ара аракеттенүү контекстинде чет өлкөлөрдө орус тилин жана маданиятын колдоонун актуалдуу багыттарын талкуулады. Ал эми Чынара Токурова Кыргызстандагы орус тили жана маданиятынын абалы, орус тилин эл аралык контекстте сактоо, жайылтуу көйгөйлөрү боюнча илимий баяндама жасады.

Илимий форумга жакынкы жана алыскы 20дан ашуун өлкөдөн илимпоздор катышып, студенттердин мотивациясы, теория жана практика, медиа, социалдык тармактар, ошондой эле орус тилинин өнүгүүсү, корголушу боюнча талкууларды жүргүзүштү.

Иш-чаранын максаты орус адабияты жана маданияты боюнча тажрыйба алмашуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, чет өлкөлөрдө орус тилин изилдөө жана сактоо салттарын чыңдоо болду.

Фото галерея