Рысгүл Акимжанова ОшМУнун айыл чарба коллежинин базасы менен таанышты

Anasayfa Haberler

Рысгүл Акимжанова ОшМУнун айыл чарба коллежинин базасы менен таанышты

Image

28-августта Ош мамлекеттик университетинин айыл чарба коллежинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Рысгүл Акимжанова иш сапары менен болду.

Ал коллеждин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, эмгек жамааты менен жолугушту. Анда агрономия, ветеринария жана механизация адистиктери боюнча студенттердин практикалык билим алуусуна шарт түзүү үчүн алынган жаңы техникалар, жабдуулар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушууда айыл чарба тармагы үчүн заманбап билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ адистерди даярдоонун маанилүүлүгү белгиленди. Министрдин орун басары айыл чарба адистерин даярдоодо жаралган маселелерди чечүүгө министрлик тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.






 

fotoğraf Galerisi