22-сентябрда ректор Кудайберди Кожобеков жана санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректор Элзарбек Эшаров «Global Connect: Келечекти бирге түзөбүз» аттуу эл аралык диалогго катышты.
Иш-чара Белгород мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде аралаш форматта өттү.
Диалогдо Элзарбек Эшаров ОшМУ менен аталган университеттин кызматташтыгы, окуу жайдын ишмердүүлүгү, билим берүү, эл аралык байланыштардагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле билим берүү, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы багыттары талкууланды.