OshSU Center for Qualification Improvement

Университет Структуры Центры Центр повышения квалификации ОшГУ

OshSU Center for Qualification Improvement

Ош мамлекеттик университетинин Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту  ректордун 2015-жылдын 16- сентябрындагы № 654 буйругу менен ачылган. Институтту   алгач физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Артыкова Жылдыз Абсаламовна жетектеп, калыптанышына бараандуу салым кошкон. 2018-жылдан педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жороев Ташболот Абдыкайымович жетектейт. Бул жылдары институттун базасына ОшМУнун балдар бакчасы менен 6 мектеп кошулган. “Ыйман” гимназиясы, “Билим” лицейи, “Кара-Кулжа” гимназиясы, “Ноокат” гимназиясы, “Кара-Суу” гимназиясы, “Зирек” башталгыч билим берүү комплекси.

ОшМУнун структурасын оптималдаштыруу максатында ректор К. Г. Кожобековдун буйругу (№ 4175-ФХД/23)  менен Квалификацияны жогорулатуу борбору болуп 2023-жылдын 15-сентябрында түзүлүп, директорлукка Т.А. Жороев дайындалган.

Максаты мугалимдерди окуу-усулдук, илимий-педагогикалык жетишкендиктер менен ыкчам таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, билим берүү мекемелеринин бүгүнкү көйгөйлөрү, аны чечүүнүн илимий практикалык, педагогикалык-психолгиялык жолдорун изилдөө, билим берүү мекемелериндеги адистерди окутуунун заманбап технологиялары менен куралдандыруу болуп саналат.

Квалификацияны жогорулатуу борборунун курстарынын негизги тематикалары:

  • Компетенттүүлүккө багытталган окутуу технологиялары 
  • Негизги компетенттүүлүктөрдү калыптоо үчүн деңгээлдик тапшырмаларды    түзүү 
  • Көп тилдүү билим берүү 
  • НББПнын негизинде ОМК түзүү жолдору 
  • Тилдерди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери 
  • Предметти жана тилди интеграциялап окутуу (КЛИЛ) 
  • Жогорку кесиптик ББС жана окутуунун жаңы технологиялары 
  • Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү  өнүктүрүү жана жеке өнүгүү курсу 
  • Экинчи тилди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери 
  • “Мен Лидер болгум келет”
  • Currikulum Globale (CG)  окуу программасын билим берүүнүн  формалдык секторунда институзациялоо
  • Жумшак көндүмдөрдү өстүрүү сабактары: пландоо, уюштуруу
  • Педагогикалык жана педагогикалык эмес адистерди даярдоочу билим берүү мекемелеринин окутуучуларынын, мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, медициналык (биринчи медициналык жардам көрсөтүү, укалоо), кыска мөөнөттүү (бычып тигүү, ашпозчу, музыкалык аспаптарда ойноо, бармен, официант), тил курстары (кыргыз, орус, англис, араб, немец, корей, кытай, япон), ЖРТга даярдоо (негизги, предметтик), 1С бухгалтерия, компьютердик графика, программалаштыруу, бухгалтердик эсеп, информатика жана түрдүү багыттагы: мамлекеттик сатып алууларга окутуу, каржы эсеби, салыктар, декоративдик колдонмо искусствосу, уюлдук телефондорду оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана модернизациялоо, бизнести долбоорлоо, манекенщица ж.б. курстарын өткөрүү боюнча лицензияларга ээ.
  • Квалификацияны жогорулатуу борборунун курамы:

Аты-жөнү

Кызматы

Электрондук почтасы

Иш телефону

1

Джороев Ташболот Абдыхайымович

директор

tjoroev@gmail.com

0777 786 609

0555 786 609

2

Толкун кызы Алина

жетектөөчү адис

tolkunkyzyalina79@gmail.mail.ru

0771 001 393

3

Дыйканов Примберди Аширбекович

методист

pdyikanov@gmail.com

0557 653 600

4

Абдырасул уулу Адилет

методист

adilet2050@gmail.com

0557 042 498

5

Акимжанова Турсунай Акимжановна

иш жүргүзүүчү

akimzanovatursunaj@gmail.com

0504 260 602