«ОшМУ» «Мурас Юнайтедди» 3:2 эсебинде жеңди

Главная Новости

«ОшМУ» «Мурас Юнайтедди» 3:2 эсебинде жеңди

Image

Жогорку лиганын 21-турунун алкагында «ОшМУ» жана «Мурас Юнайтед» командалары беттешти. Оюн 1-сентябрда Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионунда болду. 

Жыйынтыгында «ОшМУ» турнирдик жадыбалда алдыңкы орунда келе жаткан атаандашын 3:2 эсебинде жеңди. 

Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тартып эки команда тең жогорку ылдамдыкта оюн көрсөттү. Бешинчи мүнөттө «Мурас Юнайтед» эсепти ачып, алдыга чыкты. Көп өтпөй «ОшМУ» жооп кайтарып, Даврон Маматкасымов эсепти теңеди.

Биринчи таймдын 35-мүнөтүндө «Мурас Юнайтед» дагы бир гол киргизип, кайрадан алдыга чыкты. Биринчи бөлүк 2:1 эсеби менен атаандаш команданын пайдасына аяктады. Экинчи таймда «ОшМУ» оюнду өз колуна алып, эсепти өзгөртүүгө жетишти. 65-мүнөттө Абдуфатто Фазилжонов так соккусу менен эсепти 2:2ге теңеди. Ал эми 73-мүнөттө алыстан сокку узатып, командасын алдыга чыгарды.

Калган мүнөттөрдө «Мурас Юнайтед» эсепти теңөөгө аракет кылганы менен «ОшМУ» коргонууну ишенимдүү уюштуруп, оюнду жеңиш менен аяктады.

«Мурас Юнайтед» Жогорку лиганын турнирдик жадыбалында алдыңкы орундарда келе жаткан командалардын бири.

 

Фотогалерея