Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 97 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалар колледжинин доценти Таалайкан Исакова жана факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Канышай Чотикеева катышты.
Таалайкан Исакова Айтматовдун чыгармаларын оозеки кепти өнүктүрүүдө колдонуу ыкмалары тууралуу баяндама жасады. Ал эми Канышай Чотикеева жазуучунун чыгармачылыкка болгон көз карашы жөнүндө кеңири маалымат берди.
Ошондой эле Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетиндеги Чыңгыз Айтматов борборунун башчысы Рона Низамутдиновнанын демилгеси менен студенттер менен жолугушуу уюштурулду. Анда Айтматовдун чыгармаларынын тарбиялык мааниси, дүйнөлүк адабияттагы орду тууралуу пикир алышуу болду.
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө студенттер ырларды аткарып, бийлерди көрсөтүп, жазуучунун чыгармаларынан көркөм окууларды сунушташты.
Бул жолугушуу эки окуу жай ортосундагы академиялык жана маданий байланыштарды чыңдоо, Айтматовдун адабий мурасын жаш муунга кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү.